Криштиану Роналду келечектеги “Алтын топ” сыйлык ээлерин атады

Автор

Сауд Аравиянын Аль-Наср жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду келечекте «Алтын топтун» ээси боло турган оюнчуларды атады. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазып чыкты.
Футбол жылдызынын пикиринде, кийинки «Алтын топ» үчүн күрөштө «Реалдын» француз чабуулчусу Килиан Мбаппе фаворит болуп саналат.
“Мен Мбаппе ийгиликке жетет деп ойлойм. Клубдун жакшы жана күчтүү структурасы бар. Алардын мыкты машыктыруучусу бар. Алардын дагы президенти Флорентино Перес бар, ал көптөн бери ал жакта. Анын талантын эске алганда чоң көйгөй болбойт деп ойлойм. Ал буга чейин далилденген. Мбаппе “Алтын топтун” кийинки ээси болуп калышы мүмкүн”, – деди Криштиану YouTube каналында.
Ошондой эле, Роналдунун айтымында, Эрлинг Холанд (Манчестер Сити), Жуд Беллингем (Реал Мадрид) жана Ламин Ямалдын (Барселона) сыйлыкка ээ болуу мүмкүнчүлүгү жогору.
Эске салсак, Роналду өзү беш жолку “Алтын топтун” ээси. Бул сыйлыкты бир гана Лионель Месси алдыда келатат. Ал рекорд коюп сегиз жолу утуп алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Гутерриш: Климаттык каржылоо — бул кайрымдуулук эмес, инвестиция

Климаттык каржылоо кайрымдуулук эмес, бул инвестиция. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Бакуда өткөн дүйнөлүк климаттык саммиттин ачылышында билдирди. “Мен кызыкдар тараптарды өзгөрүүлөргө чакырам, анткени биз убакытты текке кетире албайбыз”,-деди Антониу Гутерриш. “Бул маанилүү учурда сиз жана сиздин өкмөттөр климаттык каржылоо кайрымдуулук эмес, инвестиция экенин түшүнүп, климаттык […]

Сизге жагышы мүмкүн