Криштиану Роналду карьерасындагы 850-голун киргизди

Автор

Саудиялык “Аль-Наср” клубунун жана  португалиялык атактуу  футболчусу Криштиану Роналду карьерасындагы  850-голун киргизди.

Ал Сауд Аравиясынын чемпионатынын 5-турунун алкагында “Аль-Хазмга” каршы оюнда (5:1) гол киргизди.

Ошентип португалиялык футболчу карьерасындагы 850-голун киргизди. Бул көрсөткүч боюнча Роналду рекордсмен, экинчи орунду америкалык “Интер Майаминин” аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси ээлейт – 818 гол.

38 жаштагы Роналду “Алтын топтун” беш жолку ээси. Португалиялык футболчу “Реал Мадрид” үчүн 450, “Манчестер Юнайтедге” 145, “Ювентуска” 101, Сауд Арабиянын “Аль-Наср” клубуна 26 жана “Спортинг Лиссабон” үчүн 5 гол киргизген. Анын Португалия үчүн да 123 голу бар.

Роналду Чемпиондор Лигасын беш жолу, Англиянын үч жолку чемпиону, Испания менен Италиянын эки жолку чемпиону болгон. Роналду Португалия менен Европа чемпиондугун (2016) жана Улуттар Лигасын (2018/19) жеңген.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМКнын Чоң-Алай районундагы бөлүмүнө жаңы имарат курулду

УКМКнын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу  атайын кызматтын маалымат кызматы билдирди. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана УКМК ардагерлери катышты. Камчыбек Ташиев өздүк курамга куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, өлкөнүн бардык […]

Сизге жагышы мүмкүн