Бир жолу журналисттер Криштиану Роналдудан: “Эмне үчүн апаң дагы деле сени менен жашайт? Эмнеге ага үй салып бербейсиң?” –деп сурашат
Роналду: «Апам мен үчүн жанын аябастан чоңойтту. Ал балдарым кечки тамакты ичип алышсын деп ачка уктады. Бизде такыр акча жок болчу. Апам менин биринчи футболдук кийимимди сатып алуу үчүн жана менин оюнчу болушум үчүн жумасына 7 күн тынымсыз иштеди. Мен тирүү турганда апам ар дайым менин жанымда болот жана мен ага бере турган бардык нерсеге ээ болот. Ал менин баш паанам жана менин эң чоң белегим».