Криштиану Роналдунун формасынын сыры эмнеде?

Автор

Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун англиялык “Манчестер Юнайтед” клубундагы мурдагы командалашы Алекс Теллес футболчунун диетасы тууралуу айтып берди.
Теллес Роналду табигый тамактарды көп жей турганын, ошондой эле түшкү тамактан кийин протеин жей турганын айтты. Ал португалиялык футболчу командалаштарынын тарелкаларын карап калганын, андан кийин оюнчулар таттуу жегенден коркушканын эске салды.
Мурда криштиану Роналду кантип ден соолугун чыңдаарын ачыктаган. Португалиялык футболчунун сыры – физикалык активдүүлүк. Талаада машыгуудан тышкары, Роналду күн сайын үйүндөгү машыгуу залында жана бассейнде өткөрөт. Дагы бир эреже – күнүнө беш маал уктоо.
Эске салсак, Роналду беш жолку “Алтын топтун” ээси. Анын Чемпиондор Лигасында беш жолу жеңишке жеткени, ошондой эле Англия, Испания жана Италиядагы чемпиондук наамдары бар. Португалия курама командасы менен бирге футболчу 2016-жылы Европа чемпиону, континенталдык чемпионаттын күмүш жана коло байге ээси, 2019-жылы УЕФА Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

19-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, калган аймактарда жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, […]

Сизге жагышы мүмкүн