Криштиану Роналдунун сүрөтү түшүрүлгөн тыйындар чыктыбы?

Автор

Португалия тарыхтагы эң мыкты футболчу Криштиану Роналдунун сүрөтү түшүрүлгөн 7 евролук монета чыгарууну пландап жатканы тууралуу маалымат интернет желесине тарады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
Ага ылайык, дүйнөнүн ар кайсы тилдериндеги посттор миллиондогон көрүүлөр жана жүз миңдеген лайктарга ээ болуп, монетанын дизайнынын бир нече версиясы көрсөтүлгөн, алардын бардыгында футболчунун жүзү жана CR7 (Роналдонун инициалдары жана номери) деген жазуусу чагылдырылган.
Монета коллекциялык болобу? Европа боюнча күнүмдүк транзакцияларда колдонулушу күмөн болотдеп божомолдонуп жатат.
Ал эми Португалиянын Улуттук банкынын сайтында да, монета сарайынын сайтында да Роналдунун урматына эстелик тыйындар тууралуу эч кандай маалымат жок. Алар 2024-жылга эстелик монеталарды чыгаруу планында да айтылган эмес.
Ошого карабастан, португалиялыктардын абдан оригиналдуу идеясы 2-3 күндөн бери дүйнөлүк басма сөздөн түшпөй келет. 2025-жылдын февраль айында Португалия курама командасынын капитаны жана “Аль-Насрдын” оюнчусу Криштиану Роналду 40 жашка чыгат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 19-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 40 тыйын болсо, сатуу 84 сом 80 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 37 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн