Криштиану Роналдунун клубуна жаңы машыктыруучу дайындалды

Автор

Италиялык Стефано Пиоли Саудиянын “Аль-Наср” клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, келишимдин чоо-жайы айтыла элек. Пиоли канааттандырарлык эмес жыйынтыктар үчүн кызматтан алынган португалиялык Луис Кастронун ордуна келди.
Пиоли 58 жашта, 2019-жылдан бери италиялык адис Миланды жетектеп, 2021/22 сезонунда А Серияда жеңишке жетишкен. Буга чейин машыктыруучу «Фиорентина», «Интер», «Лацио», «Болонья», «Сассуоло», «Салернитана» жана башка клубдарда да иштеген.
Эскее салсак, Португалиялык Криштиану Роналду ойногон “Аль-Наср” беш упай менен Сауд Аравия чемпионатынын турнирдик жадыбалында жетинчи орунда.

Бөлүшүү:
Next Post

21-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, түнкүсүн бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, […]

Сизге жагышы мүмкүн