Британиялык “FourFourTwo” журналы португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун бир нече жылдар ичинде киргизген керемет голдорунун тизмесин сунуштады.
Бардыгы болуп 34, бирок бул жерде алдыңкы бешөө:
- Ювентус – Реал Мадрид (2018)
Бул Чемпиондор Лигасынын 2017/2018-жылкы 1/4 финалынын беттеши болду.
- Порту – Манчестер Юнайтед (2009)
Бул 2008/2009-жылкы Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын жооптук беттеши .
- Португалия – Испания (2018)
Бул 2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын беттеши .
- Ювентус – Сампдория (2019)
Бул 2019/2020 сезонунун А Сериясынын беттеши болчу.
Роналду абада илинип, таамай сокку узатты. Анын өзгөчө спорттук жөндөмүн жана физикалык атрибуттарын көрсөткөн гол.
- Барселона – Реал Мадрид (2017)
Бул Испаниянын Суперкубогу үчүн беттеш болду.
Эске салсак, 38 жаштагы Роналду азыр Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунда ойноп, анда 42 матч өткөрүп, 36 гол киргизип, 11 пас киргизген.