Криштиану Роналдунун айлык акысы ачыкталды

Автор

“Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Сауд Аравиясынын эң көп маяна алган футболчусу экендигин чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
39 жаштагы португалиялык чабуулчу жылына 263 миллион евро киреше тапса, анын 60 миллион евросу жарнамадан түшкөн.
Экинчи орунда жылына 102 миллион евро кирешеси менен “Аль-Хилалдан” Неймар турат, анын 74 миллиону анын клубдагы айлыгы.
“Аль-Иттихад” клубунун чабуулчусу Карим Бензема Сауд Аравиясынын эң көп маяна алган оюнчуларынын үчилтигин жылына 96 миллион евро (92 миллион айлык акы, дагы 4 миллиону жарнамалык киреше) менен жапты.

Бөлүшүү:
Next Post

Чүй облустук прокуратурасында алдамчылык боюнча козголгон иштердин абалы айтылды

Чүй облустук прокуратурасы алдамчылык боюнча козголгон иштердин абалын билдирди. Бул тууралуу аталган облустук прокуратурасынан билдирди. Маалыматка ылайык, тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган органдардын ишмердүүлүгүнө прокурордук көзөмөл, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун тармактык буйруктарынын (көрсөтмөлөрүнүн) талаптарына ылайык жүргүзүлүп келет. Кыргыз Республикасынын […]

Сизге жагышы мүмкүн