Кыргызстандагыдай криминал менен күрөшүү эми Өзбекстанда башталды. “Бахти Ташкентский” деген каймана аты менен белгилүү Бахтияр Кудраттуллаев камакка алынды. Ал 52 жашта жана Өзбекстандын жалгыз кримтөбөлү деп таанылган. Белгилүү болгондой, Өзбекстандын коопсуздук кызматы өлкө аймагында криминалга тиешеси бар 200дөн ашык адамды да колго түшүргөн. Алардын ичинде Саидазиз Саидалиев, Бахадыр Султанов сыяктуу криминалдар бар. Учурда криминалдык элементтерди өлкөдөн тазалоо жана камакка алуу иш аракети кызуу жүрүп жатат.