“Биз УКМК төрагасына криминалга катуу чараларды колдонгон мыйзамдарды кабыл алып беришибиз керек. Криминалдар Грузияда 5 жыл, Орусияда 7-8 жыл жаза тартат. Бизде бул 15-20 жыл болушу керек”,- деп билдирди саясат талдоочу Алмаз Тажыбай. “Айрым атагы чыккан крим төбөлдөр “мен бул чөйрөдөн кеткемин же, кетем”,- сыяктуу сүйлөп жатканы менен алардын андай кадамын өздөрү чечпейт. “Братство” дегени бар, ошолор чечет. Ошол жерде гана ким мыйзамдагы ууру болоору аныкталат”деди.
Кечээ “Дженго”, “Сакал” аттуу каймана аты бар кримтөбөлдөр коомчулукка кайрылышып, крим чөйрөнүн анабашы болбой тургандарын билдиришти.