Криминал менен достошкан саясатчылар өлкөдөн качышуудабы?

Автор

Кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынгандан кийин аны менен кызматташкан, достошкон жана уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө болгондор боюнча УКМК аёсуз иш алып барууда. Оперативдүү иш аракеттин натыйжасында СДПКнын мурдагы депутаты Турсунтай Салимов менен “Эмаркстрой” курулуш компаниясынын  директору Чолпонбек Акматов жана “Авангард Стилдин” башкы директору Эрнис Миңкеевдер кылтакка илинишкен.

Мындан улам коомчулук криминал менен достошкон кээ бир саясатчылар өлкө сыртына чыгып кетиши мүмкүн деген божомол жүргүзүшүүдө. Жакында андай саясатчылардын дареги Кытайдан же, Түркиядан угулуп калабы?

Бөлүшүү:
Next Post

Драматургдар арасында республикалык сынак жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги драматургдар арасында республикалык сынак жарыялайт. Ведомстводон билдиришкендей, сынак Кыргызстан театр ишмерлер союзу менен биргеликте кыргыз театрларынын репертуарын жаңы көркөм туундулар аркылуу байытуу жана улуттук драматургияны стимулдаштыруу, өстүрүп-өнүктүрүү максатында жаңы жарыяланууда. Жобого ылайык сынакка пьесаларды кабыл алуу жарыяланган күндөн тартып, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин уланат. […]

Сизге жагышы мүмкүн