2025-жылдын 1-январынан баштап, Өзбекстан жана Казакстан расмий түрдө БРИКСтин өнөктөш өлкөлөрү макамын алышат. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Өзбекстан менен Казакстандан тышкары, БРИКСтин жаңы өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине Беларусь, Боливия, Индонезия, Куба, Малайзия, Таиланд жана Уганда кирген. Жалпысынан 13 мамлекетке чакыруу жиберилген. Россия дагы төрт өлкөдөн жооп күтүп жатат.
БРИКСтин өнөктөш өлкөлөр категориясын түзүү чечими 2024-жылдын октябрь айында Казань шаарында өткөн саммитте кабыл алынган. Ушаковдун айтымында, саммиттин алдында уюмга анын ишмердүүлүгүнө ар кандай деңгээлде катышуу үчүн 35 мамлекеттен арыз түшкөн.
БРИКС (BRICS) – Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары, Иран, Египет жана Эфиопия сыяктуу тогуз мамлекеттин бирикмеси. Уюм 2006-жылдын июнь айында негизделген.