Кремль Пашинянга жооп кайтарды

Автор

Кремль Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) республикага коркунуч келтирет деген сөздөрү менен кескин түрдө макул эмес экенин билдирди. «Биз мырза Пашинян менен кескин түрдө макул боло албайбыз. ЖККУ Армениянын суверенитетине эч кандай коркунуч келтире албайт жана келтирген эмес. Тескерисинче, бул уюм мүчө-мамлекеттердин суверенитетин коргоодо турат. Бирок биз бул позицияны Армениянын жетекчилигине чыдамкайлык менен жеткире беребиз», — деп айтты Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
18-сентябрда, Пашинян өз өлкөсү ЖККУ менен мамилелерде «кайтылгыс чекке» жакындап калганын билдирген. Никол Пашинян Армения быйыл Евробиримдикке мүчө болууну каалап жатканын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

«Тазалык» ишканасы жумушчуларды чакырат

«Тазалык» муниципалдык ишканасы жүктөгүч, айдоочу, тазалоочу жана ар кандай жумушчуларды издейт. Муниципалитеттен билдиришкендей, катуу таштандыларды жүктөө жана чыгаруу менен алектенген кызматкерлер аткарган ишине жараша 40 миң сомдон 65 миң сомго чейин айлык алышат. Ал эми айдоочу, тазалоочу, жүктөгүчтөрдүн эмгек акысы 38 миң сомдон 43 миң сомго чейин болот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн