Россия Федерациясы менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн темасы чындап эле актуалдуу эмес. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сөздөрүнө комментарий берип жатып билдирди.
«Биз чындап эле сүйлөшүүлөрдүн темасы актуалдуу эмес деп эсептейбиз. Мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн эч кандай негиз жана өбөлгөлөр жок»,-деп түшүндүрдү Песков. Ал ошондой эле Киев 2022-жылдын жазында Улуу Британиянын талабы менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын эске салды.