Кремль Клинтондун Путинди айыптоосуна түшүндүрмө берди

Автор

Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун НАТОнун кеңейиши үчүн орус лидери Владимир Путинди айыптаган билдирүүсүнө комментарий берди.
“Клинтон айымга НАТОнун кеңейүү толкундары жана альянстын аскерий инфраструктурасынын биздин чек арага жакындашын эске салуу керек”,-деди Путиндин басма сөз катчысы журналисттерге.
Песков ошондой эле Путин Батыш өлкөлөрүнө аскердик блоктун чыгышка кеңейиши боюнча кырдаалды талкуулоону сунуштаганын, бирок алар баш тартканын эске салды.
Буга чейин Клинтон Путиндин атын атап, НАТОнун кеңейиши Россиянын саясаты менен байланыштуу экенин айтканы кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Германияга учуп кетти. Коштоп кеткендер…

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти. Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын […]

Сизге жагышы мүмкүн