Кремль Евробиримдиктин жетекчилигинен жакшы мамиле күтпөйт

Автор

Кремлде Эстониянын премьер-министри Кая Калластын Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү болуп дайындалышы сөз болду.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: “Каллас айым буга чейин деле дипломатиялык жөндөмүн көрсөтө алган эмес жана ачык эле русофобиялык билдирүүлөрү менен белгилүү. Ошондуктан, европалык дипломатия кандайдыр бир жол менен мамилелерди нормалдаштыруу боюнча иш алып барат деп ойлобойбуз”,-деди.
Каллас Европада Россиянын эң катаал сынчыларынын бири болуп саналат. Россиянын Украинага болгон кеңири масштабдуу чабуулунун башталышынан бери Каллас антироссиялык санкциялардын киргизилишин активдүү колдоп келген.
Быйыл февралда Эстониянын премьер-министри Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө деп жарыяланган. Калласка советтик жоокерлердин эстеликтерин жок кылуу жана бузуу боюнча кылмыш иши козголгон.
Песков Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин кайра шайланышы тууралуу да пикиринде анын Россия менен мамилелерди нормалдаштыруунун тарапташы эмес экенин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди

Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш келди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тосуп алды. Сапардын алкагында КРдин президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле ПРООНдун бир долбооруна баруу пландалууда. Тараптар БУУнун алкагындагы кызматташуунун […]

Сизге жагышы мүмкүн