Кошумча тестирлөө: дагы 2 окуучу “алтын сертификатка” ээ болду

Автор

Кошумча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында дагы 2 абитуриент “алтын сертификатка” ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, май айындагы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21-23-июнда кошумча тестирлөө өткөрүлгөн.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева анын жыйынтыгында эки абитуринет “алтын сертификатка” ээ болгонун билдирген.
Алар:
Абдумалик Турсунов (231) – Ош облусу, “Профессор П.К.Купуев атындагы Академиясы” мекемеси;
Айчүрөк Ишенбекова (225) – Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы бүтүрүүчүсү.
Белгиленгендей, Айчүрөк Ишенбекова 2023-жылы дагы ЖРТ тапшырып, 232 упай менен “алтын сертификатка” ээ болгон.
Белгилей кетсек, 21-июнунда 2024-жылдагы ЖРТнын жыйынтыгында эң жогорку упай эң жогорку упай 234тү түзгөн. Ал эми жогорку упай алган 56 абитуриент “алтын сертификатка” ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-элчиси кайрадан кызматка барабы? Өткөн айда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кызматынан бошотулган Гулнара-Клара-Самат кайрадан жаңы кызматка дайындалышы мүмкүн. Мындай маалыматты өздүк булактарыбызга билдиришкен. Саясий тар чөйрөдө анын министрлик кызматка бараары кабарланууда. Аттан түшсө да, үзөңгүдөн буту жылмышбаган экс-элчи мындан мурда БШКнын төрайымы жана депутат болгон. Таш-Көмүр шаарында 1960-жылы туулган.

Өткөн айда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кызматынан бошотулган Гулнара-Клара-Самат кайрадан жаңы кызматка дайындалышы мүмкүн. Мындай маалыматты өздүк булактарыбызга билдиришкен. Саясий тар чөйрөдө анын министрлик кызматка бараары кабарланууда. Аттан түшсө да, үзөңгүдөн буту жылмышбаган экс-элчи мындан мурда БШКнын төрайымы жана депутат болгон. Таш-Көмүр шаарында 1960-жылы туулган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн