Кочкордо мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамалекетке кайтарылды

Автор

Кочкордо бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыркы учурда Ормон-Хан айыл өкмөтү) жана Кочкор райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин жеке тараптын менчигине берип салышкандыгы аныкталган», — деп жазылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сот органдарына доо арыз келтирилип, учурда каралууда.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО: Киевдин ийгиликсиздиги Батышка триллиондорго түшөт

НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин айтымында, украиналык жаңжалда Киевдин жеңилиши альянска жана Батышка азыркы “миллиарддар” эмес, “триллиондор” болуп кымбатка турат. Учурда блок мүчө мамлекеттерден коргонууну күчөтүү үчүн миллиарддар талап кылып жатат. “Бул жөн гана европалык жаңжал эмес, геосаясий маселе. Эгерде Украина жеңилип калса, анда биз азыркы НАТОнун коргонууга сарптоону 2 […]

You May Like