“Прогресс МС-22” жүк ташуучу кемеси Эл аралык космос станциясын космостук калдыктар менен кагылышуудан сактоо аракетин көрдү.
“Эл аралык космос станциясынын орбитасы космостук калдыктар менен кагылышуудан сактануу үчүн “Прогресс МС-22″ жүк ташуучу унаасынын кыймылдаткычтары аркылуу жөнгө салынды”,-деп билдирди Роскосмос мамлекеттик корпорациясы.
Белгиленгендей, Москва убактысы боюнча 15:42де кеменин кыймылдаткычтары иштетилип, 375,8 секунд иштеп, 0,7 м/сек импульс берген.
Натыйжада, МКС орбитасынын орточо бийиктиги биздин планетанын үстүнөн 418,59 чакырым болгон”,-деп билдирди Роскосмос.