Космосто калгандарды SpaceXтен башка Россия гана кайтара алары айтылды

Автор

Америкалык ишкер Илон Маск анын SpaceX компаниясы болбогондо, Starliner кемесиндеги Эл аралык космос станциясында (МКС) калган экипажды же астронавттар Уилмор жана Уильямсты Жерге кайтаруунун бирден-бир жолу Россияга кайрылуу болмок деп айтты.
Бутч Уилмор жана Сунита Уильямс 5-июнда Starliner кемеси менен МКСке учуп кетишкен. Алар сегиз күн болууну пландашкан, бирок кыймылдаткычтагы мүчүлүштүктөр жана кеменин сервис модулундагы гелийдин агып чыгышынан улам кечиктирилген.
Бул көйгөйлөр Starliner компаниясынын Boeing менен биргелешип МКСке адамдары менен жасаган биринчи учушунда байкалган. Техникалык маселелерден улам МКСте калган Уилмор жана Уильямс 2025-жылдын февраль айында SpaceX компаниясынын Crew Dragon капсуласында Жерге кайтып келишет.
Учурда МКСте алты астронавт бар. Уилмор жана Уильямстан сырткары, дагы төрт мүчө өз миссияларын аткарып жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Райымбек Матраимов 26-октябрга чейин камакта калды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Эске салсак, Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен […]

Сизге жагышы мүмкүн