Министрлер кабинетинин төрагасы тышкы иштер министрлигинин орун басарлык кызматына Темирбек Эркинов аттуу чиновникти дайындады. Ал мындан мурда коррупция менен айыпталып, камакка алынган эле. Эркинбек Темиров 2023-жылы Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондун жетектеп турганда коррупцияга шектелип, камакка алынган. 13 күндөн кийин УКМКнын тергөөчүсү аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Биринчи май райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн катнаттандырып, аны үй камагына коё берген. Маалым болгондой, анын тергөө менен кызматташканы айтылса да, эмне себептен кармалганы айтылган эмес. Темирбек Эркинов эркиндикке чыккандан кийин кайра кызмат ордуна кайткан. Ал Акылбек Жапаровдун жардамчысы болуп иштеген.
Атайын кызмат өткөн айларда коррупцияга болгон күрөштү күчөтүүнү көздөп жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Анда коррупцияга шектелген жарандардын өздөрү гана эмес бала-чакасы, урук-туугандары мамлекеттик кызматка баралбай тургандары айтылган болчу.