Король ылай ыргыткандарды түшүнүү менен кабыл алды

Автор

Король VI Филипп аймакка болгон сапары учурунда аны жана жубайы Летисияга ылай ыргытууга аракет кылган Валенсия тургундары менен болгон окуяга пикирин билдирди. Координациялык борбордун жыйынында сөз сүйлөгөн Филипп VI
«Көптөгөн адамдардын башынан кечирген оор жагдайлары үчүн алардын ачуусун жана үмүтсүздүгүн түшүнүшүбүз керек»,-деди король.
Валенсиядагы окуяга байланыштуу монарх жана анын жубайы суу ташкындары учурунда жабыркаган аймактарга болгон сапарын токтотушту.
29-октябрда чыгыш жана түштүк Испанияга нөшөрлүү жаан жаап, суу ташкынына алып келген. Акыркы маалыматтар боюнча, суу ташкынынан улам каза болгондордун саны 214кө жетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдын эң бай адамы

Тик Токтун кожоюну Чжан Имин Кытайдын эң бай адамы деп табылды. Анын каражаты 49.3 млрд доллардан ашкан. АКШдагы активдер боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатса да, Byte Dance Technologyнин 2023-жылдагы кирешеси 30 пайызга өсүп, Чжан мырза Кытайдын экинчи бай адамы деп табылган эле. Ал эми быйыл, 2024-жылга карата дүйнөдө Тик Ток […]

Сизге жагышы мүмкүн