“Бишкек шаарындагы үйлөр 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук берет. Бул оюнчук эмес, документтер 100 жыл сакталат. Үй курган чоң компаниялар катуу текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин, анан уруксат берилет”. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Ал бетондон жана арматурадан үнөмдөп жаткан фирмалар бар экенин айтып, үй салууга тажрыйбасы жок айрым кичинекей фирмалардын кемчиликтерин да моюндады.
Бей Мар 2 , 2023
Талас шаарынын борборуна Айкөл Манастын эстелиги орнотулат. Талас шаардык мэриясынан белгилешкендей, Манастын эстелигинин ачылышы 21-март — Нооруз майрамына белгиленген. Эстеликтин бийийтиги 12 метрди түзөт. Учурда тийиштүү техникалар ишке тартылып, эстеликтин постаментин даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Эстеликтин авторлору КР Эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов. […]