Коргоо министрлиги: Эки жолу ATACMS менен сокку урулду

Автор

«Тастыкталган маалыматтар боюнча акыркы үч күндүн ичинде Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусундагы объектилерге батыштан келген алыстан атылуучу курал менен эки жолу сокку урду,-деп айтылат Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө. Чабуулга дуушар болгон жерлерди изилдөө учурунда, Украина Куралдуу күчтөрү америкалык өндүрүштөгү ATACMS оперативдик-тактикалык ракеталары менен сокку урганы такталган.
Россиянын Коргоо министрлиги бул чабуулдардын жүрүшүндө ATACMS ракеталарынын 10у жок кылынганын, ал эми үчөө бутасына жеткенин, инфраструктуралык объектилерге зыян келгенин билдирген.
Министрлик абалды көзөмөлдөп, жооп кайтаруу чараларын даярдап жатканын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Данияр Төлөгөн уулу бокс боюнча кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Данияр Төлөгөн уулу кайрадан Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Бокс федерациясынан билдиришти. Ал эми, Улуттук кураманын улук машыктыруучусу Улан Сагынбаев болду. Белгилей кетсек, Төлөгөн уулу бул кызматка 2021-жылы дайындалган. Эске салсак, Төлөгөн уулунун жетекчилигинде мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнөл […]

Сизге жагышы мүмкүн