Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги маалымдагандай, 23-июнь күнү АКШ тарабынан берилген беш ATACMS ракеталары менен Севастополго сокку урулду. Алардын төртөө атып түшүрүлдү, бешинчи ракета жарылып, жоготууларга алып келди.
Россиянын Коргоо министрлиги Севастополго жасалган соккунун жоопкерчилигин, биринчи кезекте, бул куралды Украинага берген АКШга жүктөдү.
Министрликтин маалыматы боюнча, Севастополго ракеталык чабуул америкалык ATACMS кластердик ракеталары менен жасалган. Чабуулду кайтаруу учурунда абадан коргонуу каражаттары төрт ATACMS ракетасын атып түшүрүштү.
“Америкалык ракетанын абада жарылып кетиши Севастополдун жай тургундары арасында көптөгөн жоготууларга алып келди.”
“Саат 21:00дөгү маалыматка ылайык, төрт адам каза болду, алардын экөө балдар. Медициналык жардам сурап 151 адам кайрылды, 82 адам ооруканага жаткырылды”,-деп билдирди шаардын губернатору Михаил Развожаев.
Владимир Путиндин тапшырмасы менен Москвадан Севастополго медиктер жөнөтүлдү, эртең менен алар жабыркагандардын абалын карашат.
“Президент федералдык органдарга Севастополго бардык зарыл жардамды көрсөтүүнү тапшырды. Москвадан учак жөнөтүлдү. Биринчи жардам алынгандан кийин балдар Москвадагы эң мыкты ооруканага жеткирилет”,-деп кошумчалады Развожаев.
АКШ Киевдин кылмыштарын, анын ичинде тынч жарандарга жасалган соккуларды колдойт, америкалык тарап жоопкерчиликтен кача албайт. Бул тууралуу Вашингтондогу РФ элчиси Анатолий Антонов, АКШ бийлигинин Севастополго ATACMS ракеталары менен жасалган чабуулга реакция кылбагандыгын сынга алып, билдирди.
Россиянын Тергөө комитети Севастополго чабуулдан кийин теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Шаарда 24-июнь күнү аза күтүү күнү деп жарыяланды.