Польшанын куралдуу күчтөрү Беларуссия менен чек арага 10 миң аскерин жайгаштырууну пландоодо. Бул тууралуу Польшанын улуттук коргоо министри Мариуш Блашчак билдирди.
Чек араны коргоого 4 миң аскер кызматкери тартылып, ага чектеш чыгыш аймактарда дагы 6 миңге жакын адам кызмат өтөөрүн белгиледи.
Блашчак эки жылдын ичинде Польша азыр 170 миң аскери бар Европадагы эң күчтүү армияга ээ болот деген пикирин билдирди.
Буга чейин Польша Беларуссия менен темир жол аркылуу жүк ташууну токтотору кабарланган.