Германиянын коргоо министри Борис Писториус Украинага 1,3 миллиард евро өлчөмүндөгү аскердик жардамдын жаңы пакетин жарыялаганын немис басылмасы Куриер билдирди. Анда төрт Iris T-SLM зениттик-ракеталык комплекси, артиллериялык ок-дарылар камтылган.
Писториус украиналык кесиптеши Рустэм Умеров жана президент Владимир Зеленский менен Киевде жолугушууда жаңы аскердик жардам пакетин билдирди.
Россиянын Украинадагы аскерий операциялары башталгандан бери Германияга аскердик, гуманитардык жана каржылык жардамдын көлөмү 22 миллиард еврону түздү.