Коргоо министринин орун басары камакка алынды

Автор

Сот өзгөчө ири өлчөмдө пара алган деп шектелген коргоо министринин орун басары Тимур Ивановду камакка алды. Мындай чечимди Москванын Басман райондук соту чыгарды. Иванов эки айга, 2024-жылдын 23-июнуна чейин камакка алынды. Ал күнөөсүн мойнуна алган жок.
Аткаминердин кармалганы 23-апрелде белгилүү болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал өзгөчө ири сумманы алуу үчүн үчүнчү жактар ​​менен кылмыштуу бүтүмгө барганы болжолдонууда.
Иванов Россия Федерациясынын Коргоо министринин орун басары болуп иштеп, мекемеде объектилердин курулушуна жана капиталдык оңдоо иштерине жетекчилик кылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро-2024: УЕФА Орусиядан калыстарды чакырган жок

Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) 2024-жылкы Европа чемпионатында иштей турган калыстардын тизмесин жарыялады. Ага Орусиядан калыстар чакырылбай калган. Еврофутбол оюндарына катыша турган жалпысынан 18 калыс чакыруу алган, алардын арасында орусиялыктар жок. Эске сала кетсек, Европа чемпионаты 2024-жылдын 14-июнунан 14-июлуна чейин Германиянын 10 стадионунда өтөт. Акыркы жолу өлкөдө 2006-жылы ири футбол […]

Сизге жагышы мүмкүн