Глобалдык коргонуу чыгымдары 2023-жылы 2,5 триллион долларга же тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Стокгольм тынчтыкты изилдөө институту билдирди.
Чыгымдар эң көп Европада, Азияда жана Жакынкы Чыгышта өскөн. Алдыңкы он өлкөнүн катарына АКШ, Кытай, Россия, Индия, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Германия, Украина, Франция жана Япония кирди.
Маалыматта тенденциянын тогузунчу жыл катары менен уланып жатканы жана геосаясий тирешүүлөрдүн, куралдуу кагылышуулардын күчөшүнөн улам Жер шарынын бардык аймактарында байкалып жатканы айтылат.