Коопсуздук кызматы: Теракт жасоого эмгек мигранттарын тартууда

Автор

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников Украина НАТОнун чалгын кызматтарынын колдоосу менен Россияда теракттарды жасоо үчүн эмгек мигранттарын жалдап жатканын билдирди.
«Каршылаш (Украина) АКШ жана башка НАТО өлкөлөрүнүн колдоосу менен Россия аймагында теракттар жана диверсиялар жасоого аракеттерди күчөтүүдө. Калк арасында дүрбөлөң маанайын жаратууга аракет кылууда. Алар резонанстуу кылмыштарды жасоочуларды, анын ичинде эмгек мигранттарын, издөө жана жалдоо иштерин жүргүзүүдө»,-деди Бортников.
Мисал катары Бортников Москванын четиндеги «Крокус Сити Холл» соода борборундагы терактты атады.
Улуттук антитеррор комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдан бери 134 теракт алдын алынып, мигранттардан турган 32 террористтик ячейка аныкталган. Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, алар мамлекеттик органдардын объектилерине, аскердик объектилерге, диний уюмдарга жана адамдар көп чогулган жерлерге кол салууну пландашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Байкал тууралуу кызыктуу фактылар

1. Байкал – планетабыздагы эң таза, эң терең, эң чоң тузсуз көл болуп саналат. 2. Көлдүн максималдуу тереңдиги болжол менен 1640 метрди түзөт. Бул беш Эйфель мунарасына туура келет. 3. Бул тереңдикти дүйнөгө белгилүү дарыялардын суулары менен толтуруу үчүн: Волга, Дон, Днепр жана Енисей, Урал, Обь, Ганг, Ориноко, Амазонка, Темза, […]

Сизге жагышы мүмкүн