Коомчулук 700 млн доллардын акыбетине кайрадан кызыкты

Автор

Кыргызстандан чыгарылып кетти делген Раимбек Матраимовго таандык 700 млн доллар өз кезегинде катуу чуу жаратып, 2020-жылы кыргыз парламенти депутаттык комиссия түзгөн. Аны учурдагы депутат Талант Мамытов жетектеген.
Ал аталган сумманы Кара-Суу жана Өзбекстандагы Абу Сахи базарындагы соодагерлерге таандык деп маалымат берген. Комиссия 6 айдан кийин өз ишин токтоткон. Учурда Раимбек Матраимовдун мафиясы менен катуу күрөш жүрүп жатканда Талант Мамытов жетектеген комиссиянын корутундусуна кайрадан кайрылып, укуктук баа берилиши коомчулук тарабынан козголуп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн “Ак шумкарлар” ак формада ойношот

Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен беттешет. Кыргыз футбол биримдиги “Ак шумкарлар” ак формада ойной тургандыгын билдирди. Оюн кечки саат 20:00дө башталат. Эске салсак, 21-мартта Гаосюн шаарындагы «Наньцзы» стадионунда өткөн коноктогу мелдеште Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы 2-0 эсебиндеги жеңиши […]

Сизге жагышы мүмкүн