Кечээ президент Жыргалаң курортунда профсоюздар федерациясынын ишин сынга алып, 30 жыл ичинде 6 млрд сом каражат сарпталганын бирок, 6 тыйындык да иш аткарылбаганын айткан. Президенттин сөзүнөн кийин коомчулук профсоюздар федерациясынын ишин териштирип, жетекчилерин камакка алуу пикирин билдиришти. Быйыл Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссия аталган тармакты изилдеп чыгып, кылмыштын белгилери бар экенин аныктаган. Бирок, укук коргоо органдары ушул кезге чейин үн чыгарган эмес.
Жакында парламент профсоюздар боюнча чыгарган чечимдеринин аткарылышын укук коргоо органдарынан сурамак болуп жатканы кабарланууда.