Жогорку Кеңештин кээ бир комитеттеринин төрагалары жана төрага орун басарлары өзгөрүшү мүмкүн экендиги айтылууда. Мындай реформанын негизинде айрым депутаттар мүчө болгон комитеттерин да өзгөртүшү күтүлүүдө. Ошондой эле айрым маалымат булактары Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Улан Пиримов же, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрабаев Ош мэрлигине баратат деп жазышты. Эгер Бакыт Төрөбаев Ошко аттанса, анын ордуна Улан Пиримовдун бараары каңкууланууда. Анда бошогон комитет төрагалыгына Элдар Сулайманов барабы?