Коомчулук депутатты айыптады

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты  Эрулан Кокулов  Билим берүү министринин иш бөлмөсүнө сүзүп барып, министрдин жыйналышын үзгүлтүккө учуратканы коомчулуктун кыжырын кайнатты. Мындан улам 2 күндөн бери кызуу талкуу жүрүп, айрымдары анын мандатын чакыртып алууну сунуштады. Ал эми кээ бир жарандар Жогорку Кеңеш аталган депутаттын тартибин, жүрүм-турумун  карап чыгышы керек деп эсептейт.

Министр менен депутаттын кайым айтышкан видеосу кечээ тарады. Анда министр Каныбек Иманалиев депутат Эрулан Кокуловго “кийип келген кийимиңизди караңыз, көчөдө жүргөндөй келип алыпсыз”,- деп уяткарып жатканын көрүүгө болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Балдар эмгегине каршы күрөшүү зарылдыгы жарыяланды

Эл аралык эмгек уюму дүйнө жүзү боюнча миллиондогон балдардын келечеги коркунучта экенин, жашы жете электердин көбү иштөө жана акча табуу үчүн окуусун таштоого аргасыз болгонун билдирди. Эл аралык Эмгек Уюмунун башкы директору Гилберт Хунгбо балдар эмгеги аз, орто жана жогорку кирешелүү өлкөлөрдө жана айыл чарба, тоо-кен казып алуу жана курулуш […]

Сизге жагышы мүмкүн