Акыркы кезде өлкөдөн чыгып кеткен саясатчылардын саны арбыды. Муну саясий куугунтук катары кароого болобу? Албетте, бул талаш тартыштарды жаратуучу маселе. Айрым массалык маалымат каражаттары өлкөсүн таштап кеткен саясатчылардын тизмесине Акматбек Келдибековду кошуп, анын дарегине издөө салышууда. Ал эми тар чөйрөдө анын Болгарияда бизнесин өркүндөтүп жатканы айтылып келет. Маалым болгондой, Kaktus.media 2023-жылдын 17-сентябрында Акматбек Келдибеков борбордогу тойканалардын биринде экинчи уулун үйлөндүргөнүн, ага Сооронбай Жээнбеков, Райымбек Матраимов жана уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчыбек Көлбаевдин катышканын жазган. Андан көп өтпөй Камчы Көлбаев жок кылынган. Эгер бийлик Келдибековго жашыл жарык жакса, билимин жана тажрыйбасын мамлекетти өнүктүрүү үчүн жумшамак деген пикирлер айтылып келет.