Коомдон криминалды тазалоо зарыл дейт

Автор

Бишкекте өткөн атайын операция боюнча өзүнүн пикирин билдирген УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков УКМКнын криминалдык элементтер менен күрөшүүсүн колдоп, укук коргоо органдары жогорку деңгээлде иш алып барууда деди. “Криминал бүгүнкү күндө аябай байыган. Керек болсо, кээ бир чиновниктер менен чырмалышып калган учурлары бар. Алардын анабашылары ашынып кетишкендиктен коомго, мамлекетке оорчундуу коркунуч жаратып келишкен”,- деди ал. Мындан ары криминал болгусу келгендер ойлонушу керек экенин, ал эми УКМК эч нерсеге карабай криминал менен күрөшүн улантышы керек деп эсептейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаары 3023 жашка толду

5- Октябрь Ош шаарынын күнү катары жыл сайын белгиленип келет. Ош дүйнө жүзүндөгү эң эски шаарлардын катарына кирет. Бүгүн, 5-октябрда ал 3023 жашына кирди. Мындан 23 жыл мурда архиолог, Орусиянын  илимдер академиясынын академиги Юрий Заднепровский Ош шаарына 3000 жыл болгонун изилдеп чыккан. Учурда Ошто анын атында көчө жана бюсту бар. […]

Сизге жагышы мүмкүн