Конституциялык сот президентке импичмент боюнча иш баштайт

Автор

Түштүк Кореянын Конституциялык соту 27-декабрда президент Юн Сок Ёлге парламент тарабынан жарыяланган импичмент боюнча биринчи угуусун өткөрөт. Угуу жана териштирүүлөр коомчулук үчүн ачык болот. Иш-чарага Юн Сок Ёл катышууга милдеттүү.
Конституциялык соттун импичментти колдоо жана Юн Сок Ёлди кызматтан четтетүү же аны кызматка кайтаруу боюнча чечим кабыл алыш үчүн 180 күнү бар. Эгер чечим кабыл алынса, Юн 2017-жылы мурдагы президент Пак Кын Хеден кийин кызматтан четтетилген экинчи президент болуп калат. Бул кезексиз президенттик шайлоолорго алып келет. Ал 60 күндүн ичинде өтүшү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Салык кызматынын жаңы жетекчиси кызматтан алынабы?

Салык кызматынын жаңы жетекчиси Кыдыкбек Кыдыров кызматтан алынат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындан эки апта мурда эле дайындалган Салык кызматынын жаңы төрагасы эми жоопко тартылат. “Эки аптанын же 15 күндүн ичинде ушул эле Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарын жашыргандыгы үчүн кызматтан алынат, эми аны […]

Сизге жагышы мүмкүн