Конор Макгрегор февралда беттешке чыгат

Автор

Ирландиялык аралаш стилдеги мушкер (ММА) Конор Макгрегор Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) алкагындагы кезектеги беттешин жарыялады. Анын сөздөрүн чет элдик спорт басылмалары жазууда.
“1-февраль, Сауд Арабиясы, Дэн Хукер”, – деди МакГрегор.
Белгилей кетсек, 2024-жылы жайында Макгрегор UFC 303 турниринин алкагында Майкл Чандлерге каршы беттеши керек болчу, бирок ирландиялык жаракатынан улам беттештен баш тарткан.
Макгрегор акыркы беттешин 2021-жылдын жайында өткөрүп, америкалык Дастин Порьеге техникалык нокаут менен утулуп калган. Анын буту сынып, андан кийин мушташка катышкан эмес.
Эске салсак, 36 жаштагы Макгрегор UFC уюмунун жеңил жана жеңил салмактагы мурдагы чемпиону. Жалпысынан ирландиялык 28 беттеш өткөрүп, анын 22синде жеңишке жетип, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Соттун төрагасынын 4-орун басары пайда болот

Эми Жогорку соттун төрагасынын төртүнчү орун басары кызмат орду пайда болот. Бул боюнча мыйзам долбоору парламентте колдоо тапты. Белгилүү болгондой, жаңы кызмат орун Жогорку Соттогу 31 судьянын ичинен тандап алынып, ал сот тутумунун санариптештирүү тармагын ишке ашырат. Ал кызматты түзүүгө бюджеттен кошумча 4 млн 653,2 миң сом каралат. Анын 3 […]

Сизге жагышы мүмкүн