Конор Макгрегор октагонго кайтууга даярданып жатат

Автор

Мурдагы Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Конор Макгрегор узак тыныгуудан кийин октагонго кайтууга камынууда Атактуу мушкер Instagram баракчасына жаракат алгандан кийинки биринчи машып жаткан видеосун жарыялады.
Июнь айында Макгрегор үч жылдык тыныгуудан кийин UFC 303 турниринде Майкл Чандлер менен беттешиши керек болчу. Бирок турнирге эки жума калганда ирландиялык балбан бутунун кичинекей бармагын сындырып алып, беттештен чыгып кеткен.
Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жетекчиси Дана Уайттын айтымында, Макгрегор уюмдун мыкты төрт мушкеринин катарына кирүүгө татыктуу.

Бөлүшүү:
Next Post

14-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй […]

Сизге жагышы мүмкүн