Конор Макгрегор кайрадан беттешке чыгат

Автор

Эки салмак категориясы боюнча мурдагы Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) чемпиону Конор Макгрегор октагонго кайтууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу белгилүү мушкер бүгүн, 23-сентябрда жарыя кылгандыгын чет элдик спорттук басылмалар жазууда.
Макгрегор “Мен 2025-жылы октагонго кайтып келем. Менин азыр жумушум – жөн гана спортзалда болуу, формада болуу болуп саналат. Мен бир нерсени так билем, качан болбосун кайтып келем, учурда 100% даярмын”,-деди.
Эске сала кетсек, ирландиялык спортчу Майкл Чандлердин беттеши 29-июнда Лас-Вегаста (АКШ) UFC 303 турниринде Эл аралык мушташ жумалыгынын алкагында өтүшү керек болчу, бирок Конордун жаракатынан улам болбой калган. Макгрегор акыркы жолу октагонго 2021-жылы жайында америкалык Дастин Порье менен каршы чыккан. Ал биринчи раунддун аягында бутун сындырып, эрте жеңилүү ызасын тартты.
Жалпысынан Макгрегордун эсебинде 28 беттеште 22 жеңиш бар.

Бөлүшүү:
Next Post

24-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет. […]

Сизге жагышы мүмкүн