Конгресс Байдендин Украинага жаңы белегине ачууланууда

Автор

АКШ Конгрессинин мүчөсү Марджори Тейлор Грин социалдык X тармагына президент Жо Байден менен вице-президент Камала Харрис өз элинин кызыкчылыктарын акыркы орунга коюп жатканын, бул алардын Украинага берген жаңы миллиарддаган жардам пакетинен көрүнүп турарын жазды.
“Жо Байден менен Камала Харрис Украинага дагы алты миллиард доллар берип жатышат. Көптөгөн америкалыктар азык-түлүк сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Демократтар үчүн Америка акыркы орунда”,-деп жазды ал.
Reuters агенттиги кабарлагандай, АКШ бейшембиде Байден менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусунан кийин Украинага сегиз миллиард долларга жакын жардам бөлүнөрүн жарыялайт.
Бул суммага Пентагондун кампаларынан курал-жарак сатып алуу үчүн 5,6 миллиард доллар кирет. Американын өкмөтү бул акчаны 30-сентябрга чейин пайдалана алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 26-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 83 сом 90 тыйын болсо, сатуу 84 сом 40 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн