Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде жаңжал чыгып, депутаттар комитет төрагасы Улан Примовду төө бастыга алышты. Кытай менен болгон келишимди добуш берүү аркылуу эмес, сурамжылоо жолу менен өткөзүүнүн мыйзамсыз экенин айтышты. Депутат Улан Баказов “бул комитет сиздин менчигиңиз эмес. Сиз жыйынды алып бара албай жатасыз”,- десе, Адахан Мадумаров болсо, “алдыңда турган кагазды окуй албайсың”,- деп кыйкырды. “Төө десе, бээ дейсиңер да. Кытай менен келишим боло берсин. Бирок, мыйзам жолу менен болсун. Жыйын болбой, кворум болгон эмес. Кытай сыяктуу чоң мамлекеттер менен келишимдер мыйзамдуу болсун”,- деди депутат Адахан Мадумаров.