Комиссия туулбай жатып, туна чөктү

Автор

Жогорку Кеңештин саламаттык сактоо министрлигин териштирүү, министрдин жүрүм-турумуна баа берүү, ага тагылган айыптарды изилдөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия тарады. Ага коомчулуктун “комиссиянын мүчөлөрү жалаң түштүктүн депутаттардан түзүлүп калды” деген нааразычылыктары себеп болгон. Алгачкылардан болуп, Жусупбек Коргонбай уулу мүчөлүктөн кетти. Жакынкы күндөрү комиссия кайрадан түзүлөт.
Эске салсак, 3-апрелде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен Жогорку Кеңеште комиссия түзүлүп, ага Жусупбек Коргонбай уулу өзү, депутаттар Жалолидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов жана Нилуфар Алимжанова кирген.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК: 196 млн сомдук тарыхый объект мамлекетке кайтарылды

Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү 0,25 га жер тилкесин жана республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имарат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик мүлктү башкаруу жана мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу чөйрөсүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан […]

Сизге жагышы мүмкүн