Көп кабаттуу үйлөрдүн туруктуулугун териштирүү боюнча комиссия эмне болду? Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов парламенттин бүгүнкү отурумунда айтып чыкты.
“Түркияда жер титирөөдөн кийин атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү эле. Көп кабаттуу үйлөрдүн туруктуулугун териштирүү боюнча. Ошол комиссиянын жыйынтыгын көрбөй калдык. Эмне болду? Бишкек, Ош шаарларында канча көп кабаттуу үйлөр, канча баллдагы жер титирөөгө туруштук бере алат? Өтө олуттуу маселе болчу. Министрлер кабинети ушуну акырын, жумшак эле ылдыйга жылдырып койду. Ушуга көңүл бурсаңыз”, – деди