Кол сааттын кызыктуу икаясы

Автор

Кол сааттардын да өзүнө жараша икаясы бар. Сиз, колго тагылган сааттар качан жана кантип пайда болгонун билесизби? Анда айтып берели.
Алгачкы жолу 1806-жылы Француз императору Бонапарт Наполеондун аялы Жозефинага саат белек кылынды. Ал мезгилдин модасы катары 1 кылым бою сааттарды аялдар гана пайдаланды, эркектер болсо, чөнтөк саат колдонушту. Бирок, 1881-жылы Англиялык аскерлердин Түштүк Африкадагы баскынчылык аракеттери учурунда убакытты пайдалануу максатында ыңгайлуулугуна карап, кол саат тага башташты. Дүйнөлүк биринчи согуш башталгандан кийин кол сааттар аскердик максатта чыгарыла баштады.
Ошентип, саат технологиясы согуштан кийин өркүндөп, өстү. Батерейка менен иштеген алгачкы саат 1952-чыгарылды. 1970-жылы түстүү экрандуу сааттар өндүрүлүп, 1994-жылы акылдуу электрондук сааттар чыгарылып баштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Таштанды менен коркутуу уланууда

Таштанды менен коркутуу уланууда Корея Элдик Демократиялык Республикасы Түштүк Кореяга таштанды толтурулган шарларды учурганына жооп катары Сеул үн күчөткүчтөрдү иштетти. Бул Пхеньяндын нааразычылыгын жаратты. Республиканын лидери Ким Чен Ындын карындашы, Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ким Е Чжон Сеулдун аракеттери тирешүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Анын […]

Сизге жагышы мүмкүн