Бул көйгөй катары көптөгөн адамдар, аялдар гана эмес, эркектер үчүн жетиштүү ашыкча тердөө менен чыныгы стресс болуп калат. Ал гана эмес, ишине тоскоолдук кылат.
Колтук тердегенде үй шартында колдонула турган рецептер
Бир аш кашык сода жытты кетирип гана тим болбой терди дагы жакшы кетирет.
Колуктун терин жоготуш үчүн сода менен крахмалды аралаштырып сууга эзип жарым сааттай денеге сүртүү керек. Андан соң суу менен жууп саласыз. Терчилик азаят.
Алма уксусу
Алма уксусу антиперспирант сыяктуу натыйжа берет, ал териге жука катмар болуп жаап калат жана теринин тешиктерин бүтөп аны чыгарбай коет.
Бул үчүн уктаар алдында алма уксусун сууга аралаштырып колтукка сүртөт жана эртең менен душка түшсө болот.