КМШ өлкөлөрүнүн III оюндары Азербайжандын Гянджа шаарында өтөт. Бул тууралуу Азербайжандын жаштар жана спорт министринин орун басары Мариана Василева билдирди.
“Үчүнчү оюндар Гянджа шаарында өтөт, бул Азербайжандын экинчи чоң шаары, ал жерде азыр заманбап комплекс курулуп жатат. Мындай чоң мелдештер өткөрүлүшү мүмкүн деген идея бизге абдан жакты”, – деп айткан Василева.
Эске салсак, КМШ өлкөлөрүнүн III оюндары 2025-жылга белгиленген. Эске салсак, 2021-жылы биринчи оюндар Казанда өткөн, экинчисин учурда Беларустун 11 шаарында өткөрүүдө. 2023-жылкы оюндар 14-сентябрда аяктайт.