КМШ оюндары: Эркин күрөш боюнча балбан Мухамадрасул Салиев коло медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Мухамадрасул Салиев Беларустун Солигорск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медаль жеңди.

Салиев коло үчүн кармашта армениялык Нарек Акобян менен кездешип, 13:2 эсебинде жеңишти илип кетти.

Спортчу 57 кг чейинки салмак категориясында катышты.

Буга чейин аталган оюндарда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча спортчулары 1 күмүш жана 5 коло медаль багындырса, оор атлетчи коло медалга татыган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан боюнча жыл аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилет

Кыргызстан боюнча 2023-жылдын аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымына караганда, быйыл Кыргызстан боюнча жалпы 204 мектептин курулушу башталган. “2023-жылдын аягына чейин бүткөрүлө турган 100 мектептин ичинен жңы окуу жылына карата 36сынын курулушу бүтүп, даяр болот”, – деди […]

Сизге жагышы мүмкүн