КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында 14 документке кол коюлду. Тизме

Автор

Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук жаатындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду:
— 2025-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
–Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн элдерине жана дүйнөлүк коомчулукка совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишинин 80 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу жөнүндө;
-Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын интеграциялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө;
– 2025-жылы Лачин шаарын (Азербайжан Республикасы), 2026-жылы Мегри шаарын (Армения Республикасы), 2027-жылы Молодечно шаарын (Беларусь Республикасы) Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттерге жиберилүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө Конвенция тууралуу;
– 2010-жылдын 10-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө Келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин 2025-2027-жылдарга дерадикализация жаатында кызматташуу программасы жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2027-жылды укуктук агартуу жылы деп жарыялоо жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитеттин Төрагасы жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Антитеррористтик борборунун Жетекчиси жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет башчыларынын жарандык багыттагы жасалма интеллект жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин “Эмгек эрдигинин шаары. 1941–1945” ардак наамы жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 9 – октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сомдон болсо, сатуу 85 сом 6 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 6 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн