КМШ мамлекет башчыларынын жыйынынын күн тартиби белгилүү болду

Автор

КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны 8-октябрда Москвада өтөт.
Жыйында мамлекет башчылары КМШнын алкагында өз ара аракеттенүү тууралуу пикир алмашышат. Ошондой эле 2025-жылы КМШда төрагалык кылуу боюнча чечим кабыл алышат.
Саммитте КМШ өлкөлөрүнүн элдерине жана дүйнөлүк коомчулукка Улуу Ата Мекендик согуштагы 1941-1945-жылдардагы совет элинин Жеңишинин 80 жылдыгына карата кайрылуу кабыл алуу пландалууда. Мындан тышкары, КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын интеграциялык кызматташтыкты бекемдөө боюнча ишмердүүлүгү боюнча маселе каралат. Мамлекет башчылары алдыдагы үч жылга КМШнын маданий борборлорун жарыялоо чечимине кол коюшат. Укуктук чөйрөдөгү жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы өз ара аракеттенүү боюнча бир катар документтерге өзгөртүүлөрдү кабыл алышат.
Жыйында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бир катар билдирүүлөрү кабыл алынары күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Ажылык -2025: Зыяратчыларды каттоо башталды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргызстанда 2025-жылдагы ажылыкка бара тургандарды каттоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 11:00гө карата 3258 киши баштапкы 2 миң АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун “Элдин банкка” төлөдү. Белгиленгендей, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге каттоо жүрүүдө. Талаптарга ылайык, […]

Сизге жагышы мүмкүн